Үчүнчү матн
ШАРХ
Абдул-Мухсин ибн мухаммад ибн Абдур-Рахман ибн Касим
Үчүнчү маселе: Аллахка даават кылуу. Үчүнчү маселенин важибы Улуу Аллах Тааляга даават кылуу, адамдарга илим үйрөтүү, аларды Шариятка жолдоп, аларга насаат кылуу болот. Аллахка даават кылуу, эн улуу амалдардын бири болуп, ал пайгамбарлардын жолу болот экен. Аллах Тааля айтты:
قُلْ هَٰذِهِ سَبِيلِي أَدْعُو إِلَى اللَّهِ ۚ عَلَىٰ بَصِيرَةٍ أَنَا وَمَنِ اتَّبَعَنِي ۖ وَسُبْحَانَ اللَّهِ وَمَا أَنَا مِنَ الْمُشْرِكِينَ
Айт Оо, Мухаммад: «Ушул менин жолум! Мен адамдарды Аллахка эч нерсени шерик кошпой сыйынууга чакырамын! Мен жана мага ээрчигендер анык далилдин үстүндөбүз. Аллах мушриктер сыпаттаган кемчилдиктүү сыпаттардан Аруу-Таза! Жана мен мушриктерден эмесмин!» Сура Юсуф:108.
Ибн Касир رحمه الله айтты: Аллах Тааля Өзүнүн инсандар менен жиндерге жиберген пайгамбарына صلى الله هليه و سلم буюруп, адамдарга: «Менин жолум, жана сүннөтүм дал ушундай дейсин, Аллахтан башка сыйынууга татыктуу зат жок, деп күбөлүк берүүгө чакырамын, мен далилдердин негизинде анык ишеним менен илим аркылуу даават кыламын деп ошол жолду карманамын. Мен жана мага ээрчиген кишилердин баарысы, мен чакырып жаткан нерсеге далилдердин негизинде, анык ишеним жана акылга жана шариятка тийиштүү далилдер менен чакырык кылууну айткын деп айтылат —Ибн Касир: Тафсирул-Куранил-азиим: 2/766. Дааватчылардын сөздөрү, Аллахтын назарындагы эн кооз жана эн таза сөздөр болуп саналат. Аллах Тааля айтты:
وَمَنْ أَحْسَنُ قَوْلًا مِمَّنْ دَعَا إِلَى اللَّهِ وَعَمِلَ صَالِحًا وَقَالَ إِنَّنِي مِنَ الْمُسْلِمِينَ
Солих-жакшы иштерди ихлас менен жасаган Аллахка эч нерсени шерик – ортомчу кошпой дуа кылган жана: Мен чыныгы мусулмандардан боломун!» - деген адамдан мыктыраак сүйлөгөн ким бар! Cура Фуссылат:33
Мусулман киши, эгер сыйынылуучу зат, Аллахты, Анын пайгамбарын жана динин таанып билсе, Аллах Тааля аны буга ылайык кылган болсо, эми ал Аллахка чакыруу менен башкаларды да тозоктон куткарууга аракет кылышы ага лаазым болот. Шейхул-Ислам رحمه الله айтты: Пайгамбарлык дааватынан, махлуктардын жаралуусунан, китептер түшүүсүнөн, пайгамбарлар жиберилүүсүнөн болгон максат: диндин баарысы калыс, - Аллах үчүн ихлас болушу керек. Бул махлуктардын Өз Жаратуучусуна болгон дааваты—Фатава: 2/464.
Дааваттын эн жогорку даражасы
Дааваттын эн жогорку даражасы бул «Таухидке» жана «ширкти» жок кылууга чакыруу болот. Кайсы бир пайгамбар жиберилген болсун, ал өз коомун, Аллахка баш ийүүгө жана ибадатта жалгыз Аллахтын Өзүнө гана сыйынууга чакырып, аларды ширктен жана ширкке алып баруучу себептерден кайтарган. Мына ушундан кийин даават ээси, Ислам шариятынын мыйзамдары ичинен, эн биринчи маанилуу важибааттардан болгон бул даават-чакырык болуп, ал ар бир сөзүндө даанышмандуулукка көнүл бурушу керек. Аллахтын мына ушул сөзүн өз амалында көрсөтөт. Аллах Тааля айтты:
ادْعُ إِلَىٰ سَبِيلِ رَبِّكَ بِالْحِكْمَةِ وَالْمَوْعِظَةِ الْحَسَنَةِ ۖ وَجَادِلْهُمْ بِالَّتِي هِيَ أَحْسَنُ ۚ إِنَّ رَبَّكَ هُوَ أَعْلَمُ بِمَنْ ضَلَّ عَنْ سَبِيلِهِ ۖ وَهُوَ أَعْلَمُ بِالْمُهْتَدِينَ
Оо Мухаммад! Робиндин жолуна хикмат – даанышмандык жана үлгүлүү насааттар менен даават кыл жана жуз бургандар менен эн сонун далилдүү талаш жүргүз. Сура Нахл:125.
Кимде-ким Аллахка чакырса, бул ишинде Пайгамбар صلى الله هليه و سلم жолуна ээрчисе, ал адам пайгамбарлардын артынан ээрчигендерден болот. Шейхул-Ислам رحمه الله айтты: «Пайгамбарлардын мураскорлору, орунбасарлары – динди билген, ага амал кылган, Аллах жана Анын пайгамбарына чакырган кишилер болуп, мына ушулар пайгамбарлардын артынан чыныгы ээрчүүчүлөр. Алар сууну өзүнө синдирип, мол өсүмдүктөр өндүргөн, өзү да таза болуп, адамдарга да тазалыкты ыра көргөн, таза жана тушүмдүү жерге окшоп калышат—Ал-Фатава: 4/92. Аллахка чакыруучулардын ажр-сооптору үзгүлтүксүз уланып турат, замандар кылымдар өтүп кетип турса да. Пайгамбар صلى الله هليه و سلم айтты: Ким хидаятка-туура жолго чакырса, ал үчүн ага ээрчиген кишилердин сообунан бир нерсе кемитилбеген абалда, алардын сообунча сооп болот. Ким адашууга чакырса, ал үчүн ага ээрчиген кишилерден күнөөсүнөн, бир нерсе кемитилбеген абалда алардын күнөөсүнчө күнөө болот—Имам Муслим Абу Хурайра андан Аллах ыраазы болсун кабар берген №2674. Аллахтын Элчиси صلى الله هليه و سلم Али ибн Толибке андан Аллах ыраазы болсун айткандай: «Аллахка ант! Аллах сен себептүү бир кишини хидаятка салуусу, сен үчүн кызыл төөдөн жакшыраак—Мутафаккун алайхи. Бухари: №2783, Муслим: №2406 Сахл ибн Саьдтан андан Аллах ыраазы болсун кабар берген.
Адамдардын дааватка болгон муктаждыктары
Пайгамбарлардын максаттары, адамдарды Аллах Тааляны таанытууга жана Ага ибадат кылууга чакыруу болот, ушул гана аларды ахирет бактылуулугуна жеткизет. Шейхул-Ислам رحمه الله айтты: Аллахтын Элчиси صلى الله هليه و سلم алып келген нерсени баяндап берүү жана ага каршы болгон нерседен кайтаруу, пайгамбарлардын мураскорлору болгон улямалардын милдеттери болот—Ал-Фатава: 27/316. Адамдардын дааватка жана динди түшүнүүгө болгон муктаждыктары, алардын жеп-ичүүгө болгон муктаждыктарынан олуттураак. Шейхул-Ислам رحمه الله айтты: «Жан-рухтар пайгамбарлык алып келинген нерсени билүү жана ага болгон эрчүүгө жеп-ичүүдөн караганда көбүрөөк муктаж болот. Анткени анысынан (жеп-ичүүдөн ажыралса) ал бул дүйнөдөн өлүм-кайтыш болот. Тигисинен айрылса, (пайгамбар алып келген Шарияттан) андан ахиретте азапка дуушар болот»—Ал-Фатава: 1/5.
Дааваттын тармагы өтө кенен. Таалим-тарбия, күнөө жасоочуну туура жолго багыттоо, Аллахты унуткан бейкапарларды эскертүү, осуят кылуу, жакшылыкка багыттоо, мына ушулардын баарысы, Аллахка даават кылууну өз ичине камтыйт. Пайгамбар صلى الله هليه و سلم айткан: «Ким бир жакшылыкка багыттаса, ага ошол жакшы ишти жасоочунун сообунча, сооп болот»—Имам Муслим: №1893 Абу Масьуд ал-Ансорий андан Аллах ыраазы болсун. Ким башкаларга илим үйрөтпөй, аларга жол-жорук көрсөүүдөн жана диндерин үйрөтүүдөн баш тартса, өзүнө азап коркунучун даярдап дуушар кылыптыр. Аллах Тааля айтты:
إِنَّ الَّذِينَ يَكْتُمُونَ مَا أَنْزَلْنَا مِنَ الْبَيِّنَاتِ وَالْهُدَىٰ مِنْ بَعْدِ مَا بَيَّنَّاهُ لِلنَّاسِ فِي الْكِتَابِ ۙ أُولَٰئِكَ يَلْعَنُهُمُ اللَّهُ وَيَلْعَنُهُمُ اللَّاعِنُونَ إِلَّا الَّذِينَ تَابُوا وَأَصْلَحُوا وَبَيَّنُوا فَأُولَٰئِكَ أَتُوبُ عَلَيْهِمْ ۚ وَأَنَا التَّوَّابُ الرَّحِيمُ
Биз түшүргөн (Мухаммад жөнүндөгү) далилдерди жана туура жолду китепте (Тооратта) адамдарга баян кылып бергенден кийин деле, жаап-жашырып жүргөндөрдөргө Аллах каргыш айтат жана бардык каргыш айтуучулар каргыш айтышат. Ал эми күнөөлөрүнө тооба кылган, акыйкатка кайтып, өзүн ондоп түздөгөн жана адамдарга акыйкатты ачык айткан, адамдардын тообаларын кабыл аламын. Жана Мен тообаларды кабыл алуучу Мээримдүүмүн. Сура Бакара: 159-160.
Ибн Мубарак رحمه الله айтты: «Ким илимге сарандык кылса, ал үч нерсеге жолугат. Эгер ал жалганга чакырса, ал өзү өлүп, илими жоголот. Же илимин унутат, же султанга ээрчийт—Ал-Мадхал илас-сунанил-кубро лил-байхакий: №586, 350-бет. Демек ар бир мусулман кишинин милдети Аллахка даават кылуу, күнөө жасагандарга насаат айтып, ар бир киши өз мүмкүнчүлүгү жетишинче коомду ондоого өз салымын кошуусу лаазым болот.
Төртүнчүсү : Даават жолунда жеткен зыяндарга сабыр кылуу
Даават жолунда адамдар тарабынан жете турган зыяндарга сабыр кылуу.
Төртүнчү маселенин важибы болсо, Улуу Аллах Таалянын жолундагы, зыяндарга сабыр кылуу. Негизинен дааватчынын амал майданы адамдардын жүрөгү болот. Жүрөктөр болсо, адамдар сыяктуу түрдүү болуп жана бири-биринен айырмаланып турат. Ким Ислам динине амал кылып, адамдарды ага даават кылса, өтө чон бир ишти өз мойнуна милдет алган болуп, Аллахка даават кылып, пайгамбарлардын жол катарын алган болот. Адамдардын нафси калоолору, жалган ишенимдери Аллахка чакыруучу менен ортосунда каршы тосмо болуп калганда, алар болсо, ага зыян зулум бериши мүмкүн. Мындай абалда, алардын кылган зулум-зыяндарына, ал сабыр кылууменен ажр-сооп алууну күтүп жатат.
Имам Малик رحمه الله айткандай: «Бул иште (Аллахтын динине чакырууда) сыноолорго дуушар болбогон кишиге кыялданбагыла»--Ал-Фатава: 4/50 . Сабыр – зыян жеткен орундарда тынчсызданбай жүрөктүн бекем туруусу болот. Жалпысынан дин сабырга муктаж. «Сабр» деген сөзүнүн мааниси бул «тыйылуу», «Тосулуу», «камоо» маанилерин камтыйт. Сабыр- нафсини сабырсыздыкка түшүп калуудан, тилди ар кандай арыздануулардан, кийимин айыруудан, жүздү тырмоодон ушул сыяктуу иштерден тыйылуу болот экен. Анын акыйкаты болсо – кабыл алынбаган жана ылайыксыз иш жасоодон тосуп туруучу сулуу кулк мүнөз болот. Ал нафсий күчтөрдөн бир күч болуп, нафсинин онолуусу жана туура-жарактыгы менен болот.
Шейхул-Ислам رحمه الله айтты: «Хидаятка илим менен жетишет. Хидаятта дайыма бекем болуп турууга сабыр менен жетишет—Ал-Фатава: 10/40. Таваккулдун (Тобокел) негизи болгон сабыр жана якин (чыныгы ишеним) менен динде аманаткөйлүккө жетишет. Шейхул-Ислам رحمه الله айтты: «Кимге сабыр жана якин берилген болсо, Аллах аны динде имам (жолбашчы) кылат—Ал-Фатава: 2/215. Аллахтын жолунда даават кылууда зыяндарга дуушар болот, динге чакырганда ошол жолдо бекем болушу керек, анткени бул өзгөчө сыноо болот. Кала берсе, дааватчыга зыян жеткирүү инсан табиятында бар нерсе болот. Аллах Тааля Өз элчисине айтты:
وَلَقَدْ كُذِّبَتْ رُسُلٌ مِنْ قَبْلِكَ فَصَبَرُوا عَلَىٰ مَا كُذِّبُوا وَأُوذُوا حَتَّىٰ أَتَاهُمْ نَصْرُنَا ۚ وَلَا مُبَدِّلَ لِكَلِمَاتِ اللَّهِ ۚ وَلَقَدْ جَاءَكَ مِنْ نَبَإِ الْمُرْسَلِينَ
Сенден мурунку Пайгамбарларга деле «жалганчы» деген жалаа жабылган. Жана алар бул жалааларга, заалымдыктарга Биздин жардамыбыз келгенге чейин сабыр кылышкан. Сура Аньам:34
Мушриктердин сөздөрү жана амалдары пайгамбарларга зулум зыян кылышкан. Улуу Аллах Тааля айтты:
وَلَقَدِ اسْتُهْزِئَ بِرُسُلٍ مِنْ قَبْلِكَ فَحَاقَ بِالَّذِينَ سَخِرُوا مِنْهُمْ مَا كَانُوا بِهِ يَسْتَهْزِئُونَ
Оо Мухаммад! Алардын шылдындоосунан чөкпөгүн. Сенден мурунку Пайгамбарларды деле шылдындашкан. Кийин алардын башына шылдындаган нерселери балээ болуп түшкөн. Сура Аньам:10
Мушриктер кээ бир пайгамбарларды өлтүрүшкөн. Аллах Тааля айтты:
وَلَقَدْ آتَيْنَا مُوسَى الْكِتَابَ وَقَفَّيْنَا مِنْ بَعْدِهِ بِالرُّسُلِ ۖ وَآتَيْنَا عِيسَى ابْنَ مَرْيَمَ الْبَيِّنَاتِ وَأَيَّدْنَاهُ بِرُوحِ الْقُدُسِ ۗ أَفَكُلَّمَا جَاءَكُمْ رَسُولٌ بِمَا لَا تَهْوَىٰ أَنْفُسُكُمُ اسْتَكْبَرْتُمْ فَفَرِيقًا كَذَّبْتُمْ وَفَرِيقًا تَقْتُلُونَ
Ар дайым бир пайгамбар силердин каалоолорунарга жакпаган нерсени (динди) алып келсе, силер (дин-ыйманга келүүдөн) текеберленип жана ал пайгамбарларды бир бөлүгүн жалганчы деп, айрымдарын өлтүрө бересинерби?! Сура Бакара: 87
Пайгамбарлардын ишин уланткан кишиге да, пайгамбарларга жеткен зулум-зыяндар да, аларга да жетет. Аллах Тааля айтты:
وَكَذَٰلِكَ جَعَلْنَا لِكُلِّ نَبِيٍّ عَدُوًّا شَيَاطِينَ الْإِنْسِ وَالْجِنِّ يُوحِي بَعْضُهُمْ إِلَىٰ بَعْضٍ زُخْرُفَ الْقَوْلِ غُرُورًا ۚ وَلَوْ شَاءَ رَبُّكَ مَا فَعَلُوهُ ۖ فَذَرْهُمْ وَمَا يَفْتَرُونَ
Ошондой эле, биз ар бир пайгамбарга адам-шайтан жана жин – шайтандардан душман кылып койдук. Алар алдоо үчүн бири-бирине (жалганга жуурулган) бал сөздөрдү шыбырашат. Сура Аньам:112
Даанышман, Таква болсон, сабырдуу болсон, душмандын айлакерликтери сага зыян жеткире албайт. Аллах Тааля айтты:
إِنْ تَمْسَسْكُمْ حَسَنَةٌ تَسُؤْهُمْ وَإِنْ تُصِبْكُمْ سَيِّئَةٌ يَفْرَحُوا بِهَا ۖ وَإِنْ تَصْبِرُوا وَتَتَّقُوا لَا يَضُرُّكُمْ كَيْدُهُمْ شَيْئًا ۗ إِنَّ اللَّهَ بِمَا يَعْمَلُونَ مُحِيطٌ
Эгер силерге бир жакшылык жетсе, бул аларды капа кылат. А эгер силерге бир жамандык жетсе муну менен сүйүнүшөт. Жана эгер силер таква болсонор жана кафирлердин айла-амалдарына сабыр кылсанар, алардын айлакерлиги силерге эч кандай зыян жеткиришпейт. Анткени Аллах алардын иштерин Камтуучу. Сура Аали Имран:120
Аллахка чакыруучу киши сыноолорго жолукпай койбойт. Бир киши имам Шаьфийден : Оо Абу Абдуллах! Киши үчүн кайсы бири абзел болот, тамкин (үстөм болуп бекем) болуубу же сыноолорго дуушар болуусубу?», - деп сурады. Шаьфий رحمه الله «Сыноого учурабай-жолукпай туруп, (динде) бекемделбейт. Кала берсе, Аллах Нухту, Иброхимди, Мусаны, Исаны, Мухаммадты (алардын баарысына Аллахтын салават-саламдары болсун) сыноолорго дуушар кылды. Качан сабыр кылышканда, аларга бекемдик берди. Эч ким оор машакаттардан кутулуп каламын деп ойлобосун-деп жооп берди—Ал-Фаваид: 407-бет. Ким сабырга адаттанса, душманы андан коркот. Ал эми кимге сабыр кылуу оор болсо, андан душманы ага карай азгырууга умтулат. Мына ушундай экен, мусулман өз нафсисин тыйып, сабырга бекем тутуп, Аллахтын сообуна ишенсе, зыяндар ага жетүүсүнө көнүл бурбайт. Момун кишисинин түйшүгү өзүнө буюрулган иштерди жасап, кайтарылган иштерден тыйылып, жана өзүнө тагдыр кылынган нерсеге сабыр кылуусу керек. Эгер инсан сабырсыздык кылса, Аллах харам кылган иштерге түшүп калуусу же Аллах важиб кылган нерсени таштап коюуусу мүмкүн болот.
Сабырдын акыбети
Сабыр- дегени илимине амал жана даават кылган үчүн эн маанилүү иштердин бири болот. Эгерде сабырдуу болбосо, куффарлар аны, сабырсыз чыдамсыз экенин сезип бүлгүнгө салып койот. Аллах Тааля айтты:
فَاصْبِرْ إِنَّ وَعْدَ اللَّهِ حَقٌّ ۖ وَلَا يَسْتَخِفَّنَّكَ الَّذِينَ لَا يُوقِنُونَ
Оо, Мухаммад! Сен эми бул дооматчыларга сабыр кыл. Шексиз Аллахтын (сени жана үммөтүндү кафир коомдордун үстүнө үстөм кылуусу тууралуу) убадасы чындык. Ахиретке ишенбегендер сени бүлгүнгө салып, сабырсыз кылбасын. Сура Рум:60
Аллах Тааля пайгамбарларын сабыр менен зыянаттанууга буюрган. Аллах Тааля айтты:
فَاصْبِرْ كَمَا صَبَرَ أُولُو الْعَزْمِ مِنَ الرُّسُلِ وَلَا تَسْتَعْجِلْ لَهُمْ
Оо, Мухаммад мушриктердин зыян-запкыларына, мурунку пайгамбарлардын чыдам - кайгылыгы, сабыр кылганы сыяктуу сабыр кыл, сен аларга-мушриктерге азапты шаштырба. Сура Ахкаф:35
Зыяндарды көтөрүү, ачууну ичке жутуу жана адамдарды кечирүүнү да, сабыр өз ичине камтыйт. Башка бирөөлөргө илим үйрөтүүдө сабырдуу болуу, аларга пайда жеткирүү үчүн жан күйдүрүп аракет кылуу, сабырдагы ийгиликтүү себептердин бири болот. Зыян канчалык күчөсө, жениш да, ошончолук жакындашат. Пайгамбар صلى الله هليه و سلم айткан: "Чындыгында жениш сабыр менен бирге болот—Имам Ахмад "Муснад: 1/307, № 2804" Ибн Аббас андан Аллах ыраазы болсун кабар берген. Али ибн Аби Толиб андан Аллах ыраазы болсун : "Сабыр кагылбай турган унаа болсо, канаттуулук каталанбас кылыч" деп айткан--Абул-Касим ал-Асбаханий: Мухазаратул-уьдабаь: 2/524. Тириктик убагында инсан женишке жана дааватынын таасиринин натыйжасы жетише турганы, өз көзү менен көрө турган женишке чектелбейт. Балким жениш анын өлүмүнөн кийин да келиши мүмкүн. Бул болсо, Аллах Тааля анын дааватына пенделердин жүрөгүнө кабыл алууну пайда кылып коюуусу жана ал чакырган нерсени пенделер үйрөнүп, ага амал кылуулары себеп болот. Сабыр кылуучу инсан, дүйнө, ахирет урматына жетишет. Анткени ал, Аллахтын сабырдуулар менен биргелигин колго кириткен болот. Аллах тааля айтты:
إِنَّ اللَّهَ مَعَ الصَّابِرِينَ
Аллах сабырдуулар менен бирге болот. Сура Бакара:153
Ибн Кайим رحمه الله : "Таразанын оорлошуусу (жакшы амалдар тарабы) акыйкатка ээрчүү жана анын үстүндө сабыр кылуу менен болот деп айткан"--Ижтимаьул-жайшил-Исламия: 78-бет. Кутулуу да сабыр жана такавага байланыштуу болот. Аллах Тааля айтты:
يَا أَيُّهَا الَّذِينَ آمَنُوا اصْبِرُوا وَصَابِرُوا وَرَابِطُوا وَاتَّقُوا اللَّهَ لَعَلَّكُمْ تُفْلِحُونَ
Эй ыйман келтиргендер! Сабырдуу болгула, ар дайым сабырдуу болгула жана чек араларды коргоп, дайым даяр тургула! Аллахтан корккула! Ошондо женишке жетишесинер ажеп эмес! Сура Аали Имрон: 200
Аллах Тааля сабырдууларга үч нерсени убада кылды. Үчөөсү тен дүйнө эли мелдеше турган жакшылыктар. Аллах Тааля айтты:
الَّذِينَ إِذَا أَصَابَتْهُمْ مُصِيبَةٌ قَالُوا إِنَّا لِلَّهِ وَإِنَّا إِلَيْهِ رَاجِعُونَ
أُولَٰئِكَ عَلَيْهِمْ صَلَوَاتٌ مِنْ رَبِّهِمْ وَرَحْمَةٌ ۖ وَأُولَٰئِكَ هُمُ الْمُهْتَدُونَ
Аллах Тааля тарабынан Бир кырсык бактысыздык келгенде: "Албетте биз бардыгыбыз Аллахтын мүлкү болобуз, Анын Өзүнө кайра кайтабыз деген адамдарга... Дал ошолорго Роббиси тарабынан мактоо, ырайым бар, Жана ошолор гана туура жолго түшкөндөр. Сура Бакара: 156-157
Бейшке кирүү бактына да, бир гана сабыр менен жетишет. Аллах Тааля айтты:
إِنِّي جَزَيْتُهُمُ الْيَوْمَ بِمَا صَبَرُوا أَنَّهُمْ هُمُ الْفَائِزُونَ
Бүгүн, Мен аларга зыяндарга сабыр кылганы себептүү сыйлык беремин. Чынында алар чыныгы женишке жеткендер. Сура Муьминун: 111
Ушул 4-маселе: илим, ага амал кылуу, ага чакыруу жана сабырды иш жүзүнө ашыруу нафси-каалоону ондоодо жана башка нерселерди түзөтүүдө, ага каршы эн улуу жихад күрөшү көрүнүштөрүнүн бири болуп саналат. Ибн Кайим رحمه الله айтты: "Нафси-каалоого каршы күрөшүүнүн төрт даражасы бар.
- Дүйнө ахирет бактылуулугунун жалгыз себепчиси болгон, бул Хидаят жана динди үйрөнүү менен нафсиге каршы күрөшүү болот. Динди үйрөнүүнү колдон кетирген киши, эки дүйнөдө бактысыз болот.
- Окуп үйрөнгөн кийин, ага амал кылууда нафси-каалоосуна каршы күрөшүү болот. Кала берсе амалсыз илимдин өзү зыяны бербесе да, пайда ага келтирбейт.
- Ага даават кылуу жана аны билбегендерге үйрөтүү үстүндө нафси-каалоого каршы күрөшүү болот. Андай кылбаса, Аллах түшүргөн хидаят жана ачык далилдерди жашырган кишилерден болуп калуусу мүмкүн. Илими ага пайда бербей, Аллахтын азабынан кутула албайт.
- Аллах үчүн Аллахка даават кылуу машакаттарга жана мушриктердин зыяндарына сабыр кылууда, ал нафси-каалоого каршы күрөшүү жана мусибаттардын баарысын көтөрүп сабыр кылат.
Мына ушул 4 даражадагы сыпат менен толугу менен сыпатталган киши, роббаний заттар катарынан орун алат.
Анын Сөзүнүн далили:
Мээримдүү Ырайымдуу Аллахтын Ысымы менен баштаймын.
- Асрга ант!
- Албетте инсан корумжада-хуср абалда болот.
- Болгону, алардан башкалары, ыйман келтиргендер жана жакшы солих-амалдарды жасагандар жана акыйкатка менен сабырдуулукка бири-бирин насаат кылып чакыргандар (хусрдан кутулушат).
Төрт маселе-илим, ага мал кылуу, ага даават кылуу жана анын жолунда зыяндарга сабыр кылуу менен окуп үйрөнүүнүн ваажиб далили:
بِسْمِ اللَّهِ الرَّحْمَٰنِ الرَّحِيمِ
Мээримдүү Ырайымдуу Аллахтын Ысымы менен баштаймын.
Аср сурасын "Басмаля" менен баштады.
وَالْعَصْرِ
Асрга ант!
Аллах Тааля асрга-заманга анттады. Аср-заман момундар үчүн пайдалуу жана солих-жакшы сооптуу иштер жетиштире турган заман болуп, ыймандан баш тарткандар үчүн болсо, бактысыздык орундалган бир доор. Замандын сыры болсо - пенделер ага өз амалдарын сактай турган бир идиш болот. Анда үлгүлөр жана укмуштар толтура болот. Аруу Аллах Тааля жараткан махлуктардын ичинен, Өзү каалаган нерсе менен ант ичүүгө акылуу болот. Аллах Тааля эгер ант ичпесе деле, чын сүйлөөчү Зат болот, бирок ошол нерсенин ордун ырастоо үчүн ант ичет.
إِنَّ الْإِنْسَانَ لَفِي خُسْرٍ
Албетте инсан корумжада-хуср абалда болот.
Бул жашоодо инсан үчүн, зыян, кемчилдик жана балекет болот. Зыяндын каршысы бул пайда, зыяндуулуктун бир нече катар түрү жана даражасы бар. Кээде киши жалпысынан зыянда болуп, дүйнөсүн, ахиретин колдон чыгарып, бейиштен куруу калып, тозокто азапталынат. Башка бир инсан болсо, кайсы бир тараптуу зыянда болушу мүмкүн. Ошондуктан Аллах Тааля зыянды жалпы инсаниятка баяндап койду.
إِلَّا الَّذِينَ
Болгону, алардан башкалары,
Аллах Тааля бул сурада, төмөнкү төрт сыпат менен сыпатталган инсандарды хусрга киргизбеди.
آمَنُوا
Ыйман келтиргендер
Жүрөгүндө ыйман бар инсандар. Ыйман илимсиз болбойт. Илим ыймандын бир бөлүгү болуп, ыйман аны менен гана толук болот.
وَعَمِلُوا الصَّالِحَاتِ
Солих-жакшы сооптуу амалдарды жасагандар.
Дене-мүчөлөрү менен көптөгөн жакшы амалдарды жасаган, амалында ихластуу болгон, Пайгамбар صلى الله هليه و سلم жолун ээрчиген инсан болот. Бул болсо, ачык жана көмүскө түрдөгү солих-амалдарды өз ичине камтып, Аллахтын укуктары, пенделердин укуктарына тийиштүү болгон важиб, мустахаб, бардык иштер менен байланыш кылат.
وَتَوَاصَوْا بِالْحَقِّ
Бири-бирине акыйкатка чакыргандар
Акыйкат: Ыйман жана солих жакшы амал. Алар бири-бирине акыйкатты эстетишип, кызыктыртышып өз ара бири-бирин ага үндөшөт.
وَتَوَاصَوْا بِالصَّبْرِ
Сабырдуулукту бири-бирин насаат кылгандар.
Алар бири-бирлерин балээ-кырсыктарга, тагдырга сабыр кылууга, жакшылыкка буюруп, жамандыктан кайтарып, аларга жете турган зыяндарга сабырдуу болууга, ошондой эле Аллахка баш ийүүдө, күнөөдөн тыйылууда сабырдуу болууга бир-бирлерин өз ара насаат кылышат. Кимде-ким ушул өзгөчөлүктөрдү өзүндө өздөштүрө алса, хуср-зыяндан четтеген болуп, Аллахтын азабынан кутулуучу пенделеринин катарынан орун алган болот. Алгачкы эки маселе, ыйман ва солих амал менен пенде өзүн толуктукка жетиштирет. Кийинки эки иш, "башкаларды акыйкатка, сабырга" осуят кылуу менен өзүнөн башкаларды толуктукка жеткирет. Төрт маселе менен пенде зыяндуулуктан кутулуп, чон пайданы колго киргизет. Дин- ыйман, амал, даават жана сабырды өз ичине камтыйт. Ибн Кайуум رحمه الله айтты:
"Саляфтар-өткөнкүлөр бир пикирге келишкен, аалым киши акыйкатты билип, ага амал кылууга киришмейинче, кийин аны үйрөтмөйүнчө "Роббаний" деп аталууга ылайык эмес болот. Ал эми ким билип, анан илимине амал кылса, жана аны башкаларга үйрөтүү кылса, ушул киши асмандардын ичинде "Азиим"-улуу деп чакырылат"--Заадул-Маьад хадий хайрил-ибад: 3/10.