May 25, 2020

5 секунд эрежеси Автору: Мел Роббинс 5 секундада жашообузду кантип жакшырталабыз

Идея № 1. Сиз бир нерсе жасаарда, бештен бирге чейин санап, кыймылдай баштаңыз.

Автордун айтымында, ал үчүн эң оор нерсе бул өзгөрүү болчу. Өзгөрүү кайраттуулукту талап кылат жана беш секунд эрежеси бизге жардам берет.

Ден-соолугуңузду жакшыртууну чечтиңиз дейли. Үйдө жүргөндө, эч нерсе болбойт. Акылыңыз залга барбоо үчүн миңдеген себептерди таап, жана ден-соолугуңуз, албетте, жакшырбайт. Бирок сиз бештен бирге чейин санап, көнүгүүлөрүңүздү баштай бериңиз.

Ички сезимиңизге кулак салыңыз. Эгерде сиз аларга көңүл бурбасаңыз, анда сиз мыкты ойду, идеяны, же позитивдүү өзгөрүүлөрдү өткөрүп жиберишиңиз мүмкүн.

Ички сезимин угуп, англиялык химик Джон Уокер 1826-жылы идишке химиялык заттарды аралаштыруу үчүн таякчаны колдонуп, ширенкени ойлоп тапкан.
Жорж де Местрал ити менен сейилдеп жүрүп, боосун чечибатып, жабышкак боо ойлоп тапты.
Биринчи фраппучино кофесин 1992-жылы Санта-Моникадагы Старбакс башкаруучусу ойлонду. Ал ысыкта кофенин жай сатылуусун байкап, муз кошулган кофени сунуштады. Ички сезимдин күчү ушундай, беш секунд эрежесин колдонуу сизди кайраттуу болууга жардам берет да максатыңызга бир кадам жакындайсың, дейт Роббинс.

Идея №2: Беш секунд эрежеси жөнөкөй аракеттерди жасоого жардам берүү менен сизге ишенимдүүлүк жана өндүрүмдүүлүк алып келет.

Саноо биз үчүн ритуал сыяктуу болуп аракетти баштайбыз да маңдайдагы мээ кыртышын активдештирип, жүрүм-турумдун өзгөртүүсүнө жардам беребиз.

Маңдайдагы мээ кыртышы бизге максатка жетүүгө, бир нерсени өзгөртүүгө жана максаттуу иш-аракеттерди жасоого жардам берет. Ошентип, Роббинс жөнөкөй эреженин жардамы менен, бутуна туруп өзгөрдү. Аябай чарчап калганда, ал эрежени колдонуп, чуркап кетчи. Ал ичүүнү каалаганда, санап, алкоголь бөтөлкөсүн кайра ордуна ачпай туруп койчу. Күйөөсүнө кыйкыргысы келгенде, бештен бирге чейин санап, туура сөздү тандап, оңолду.

Анын досу Рейчел, 5 секунд эрежесин алгач эрте туруу үчүн колдонсо, кийин башка жумушта иштетип, арыктады, акчаны көбүрөөк таба баштады, үй сатып алды, болбой жаткан никесин жандандырды. Жөнөкөй сөз менен айтканда, ал башка адам болуп өзгөрдү.

Идея № 3. Өзүңүздүн жашооңузду, иш-аракеттериңизди жана келечегиңизди канчалык деңгээлде контролдосоңуз, ошончолук ийгиликке жетесиз.
Эмнегедир, көпчүлүгү иш-аракет үчүн атайын стимул болуш керек деп эсептейт, бир демкени күтөт. Бул таптакыр туура эмес. Эгер жашооңузду жакшыртууну кааласаңыз, янтар ичиндеги чымын сыяктуу болбойм десеңиз, отура бербей, отургучтан (керебеттен, телевизордон) туруп, аракет кылыңыз, тагдырыңызды башкарыңыз. Беш секунд эрежеси жардам берсин.

Эрежени канчалык узак колдонсоңуз, ошончолук тезирээк өзүңүздү ишенимдүү сезе баштайсыз.

Роббинстин күйөөсү Крис аялы өзгөргөнүн байкап, эрежени өзү да колдоно баштады. Муну менен ал ичүүнү токтотуп, күнүгө эртең менен медитация жасап, көнүгүү кыла баштады. Экөө чогуу акча маселесин чечип, кайра бутуна турушту. Крис ошондой эле эрежени өзүнүн бизнесинде да колдонду: өнөктөшү менен, алар бара-бара ресторан бизнесин түзүшкөн. Ал өзүнүн терс жана оң ойлорун башкарууну жана кемчиликтерин жеңе билүүнү үйрөндү.

Роббинстин айтымында, эреже бизде жашоону өзгөртө турган кандайдыр бир күчтү ойготот. Ушундан улам, досторунун бири чечкиндүү болуп, көп жылдык ийгиликсиз никеден кийин ажырашты, экинчиси 73 килограммга арыктады, үчүнчүсү тамекини чындап эле таштады. Андан тышкары, дүйнө жүзү боюнча миңдеген адамдар Роббинске анын эрежеси иштээрин жазышат.

Идея № 4. Кандайдыр бир иш-аракетти баштаарда, биз күмөн санасак көбүнчө зыян гана болот.

Миңдеген шылтоону айтып, кичинекей бир кадам жасоодон баш тартабыз. Бул кичинекей нерселер бардыгына таасир этет. Эгер термелбей, иш-аракет кылууга бел байласаңыз, жашооңуздун канчалык тез өзгөрөрүнө таң каласыз. Жүрөгүбүздү ооруткан нерсени өзгөрткүбүз келсе да, биз баарыбыз көнүмүш адат болуп жата беребиз. 5 секунд эрежеси ар дайым иштейт.

Бул дагы бир теория эмес, бул иштетүүчү курал. Убакыттын өтүшү менен сиз өзгөрүүлөрдү, кандайдыр бир ички күчтүн ойгонушун сезесиз. Шылтоолор, күмөн саноолор бир нече жолу кайра келиши ыктымал, бирок ал табигый нерсе. Санап коюп, ишти улантабериңиз.

Тартынсаңыз, корксоңуз бештен бирге чейин санаңыз. Бул көңүл топтоого, бардык коркуулардан арылууга жана акылды тынчтандырууга жардам берет.

5-идея. Ар дайым күмөн санаган сайын бир нерсе туура эмес болубатат деп мээбизге сигнал барат. Мээ коргоо режимин күйгүзөт, тормоз басылат, иш, ошентип, жасалбайт.

Бара бара беш секунд эрежеси бизге мээнин иштөө тутумун айланып өтүүгө жардам берет. Убакыттын өтүшү менен эрежени кайталап, сиз жаңы тутумду түзөсүз. Мындан ары күмөн саноо жана коркуу сезими сизди тынчсыздандырбайт.

Унчукпаган, өзүнө өзү ишенбеген, аракетсиз, ачуулуу адам болбой каласыз. Бул эреже эски үлгүлөрдү алып салып, аларды жаңы оң жүрүм-турум менен алмаштырууга жардам берет.

Эреже менен жетишкен майда жеңиштер сизге өзүңүзгө ишенүүгө жардам берет. Чечим чыгарууну үйрөнүңүз - бул сиздин жашооңузду өзгөртөт.

Идея № 6. Баштоого күчүңүз бар болсо, ийгиликке жетүү үчүн да күч бар болот.
Роббинс 5 секунд эрежесин жети жылдан бери күнүмдүк турмушта колдонуп келет.

Бизге күн сайын эрдик керек. Мисалы, жетекчиликке айлык акыны көтөрүү боюнча кайрылуудан коркобуз. Бирок, Мел Роббинстин жолдоочуларынын бири Фейсбукта жазгандай, ал ушундай чечимдин жардамы менен, чынында эле айлыгы көтөрүлүп, премия алган. Анын Брайс аттуу дагы бир досу эки жыл бою китеп жазган жана беш секунд эреженин жардамы менен аны басып чыгарууга кайраттанган. Бирок ал ушуну менен эле токтоп калган жок: ал китеп соодасы боюнча эң ири компания болгон Barnes & Noblesден автограф сессиясын өткөрүүнү өтүндү. Брайстын болгону 15 жашта экендигин эске алганда, эсте каларлык нерсе. Буга окшогон мисалдар абдан көп.

Проблеманын бетине тике кароо телевизордун маңдайында мас болуп жатканга караганда оор.

Ар бир чечимде беш секундага барабар эрдик бар, бул чоң өзгөрүүлөргө алып келет. Эрдик бизге бардык нерсени жеңүүгө жардам берет. Көйгөйгө эмес, аны чечүүгө көңүл буруңуз. Акыр-аягы, 5 секунд эреженин жардамы менен сиз дүйнөнү өзгөртө албайсыз, тескерисинче, өзүңүздү жакшы жакка өзгөртө аласыз.

Идея № 7. Чечкинсиздигиңизди актоо менен, сиз жаңылышасыз.
Унчукпай, аракетсиз жүрүү менен жашооңузду өзгөртүүгө ылайыктуу убакыт эч качан келбейт. Кечиктирбеңиз.

Кээ бир кылган ишке адам өкүнөт, бирок кылбай калган ишке көбүрөөк өкүнөсүз.

Көбүнчө биз ийгиликсиздиктен же күлкүлүү көрүнүүдөн коркобуз. Ошондуктан, башыбызды кумга катып, аракет кылгыбыз да келбейт. Ошентип, каалаган нерсебизди алуу мүмкүнчүлүгүн жоготобуз. «Эгер сен жаңылып жатсаң эмне болот? Биз бул суроону дээрлик эч качан бербейбиз, бирок беришибиз керек.

Кайра-кайра аракет кылып, эрдикке үйрөнүңүз, эртеби-кечпи ийгиликке жетесиз.

Кийинки мүмкүнчүлүк болбой калышы мүмкүн. Күтө бербей, азыр аракет жасаңыз. Кыялыңызга каршы жүрбөңүз.

Идея № 8. Сиз өзүңүздүн сезимдериңизди башкара албайсыз, бирок 5 секунд эрежесинин жардамы иш-аракет кылса болот.
Баарыбыз белгисиздиктен коркобуз, аракеттенүүдөн мурун кепилдикти каалайбыз. Бирок бир оюн ойнош үчүн, аны баштоо керек да. Жеңишке жетүү үчүн, улантуу керек да.

Ровио иштеп чыккан Angry Birds оюну 51 ийгиликсиз оюндан кийин пайда болду. Актер Марк Руффало биринчи ролду аткарардан мурун 600гө жакын сынактан өткөн. Пикассону даңазалаган 100гө жакын шедеври белгилүү, бирок жалпысынан анын эмгектеринде 50 миң сүрөт жана скульптуралар бар. Бул күндө эмгек деген сөз.

Идея № 9. Сизди баалабаган адам ар дайым болот.
Өзунө өзү ишенүү тубаса касиет эмес, аны өздөштүрсө болот.
Роббинс өзү деле беш секунд эрежесинен мурун өзүн ушундай болгонун ырастайт. Ал өзүн, идеяларын жана жөндөмдөрүн толук билген эмес.

Идея № 10. Эң чоң тобокел - бул чыныгы жашоону баштаардан мурун өлүп кетүү.
Идеялары сизге жактыбы? Анда, күнүнө 18 мүнөт жашооңузду кандайча өзгөртө тургандыгын Питер Брегмандын “18 мүнөт” деген китебинен көрсөңүз болот. Эрдик жана кайраттуулук менен сиз тоолорду жылдыра аласыз. Өткөндү өзгөртө албайбыз, бирок беш секунд эрежеси менен келечекти өзгөртө алабыз.
Кыймылдап баштаңыз. 5 секунда бир иш күнүңүздү өзгөртө алат. Бир күнүңүз жашооңузду өзгөртө алат. Сиздин жашооңуз дүйнөнү өзгөртүшү мүмкүн. Ар бирибизде улуулук бар, дейт Роббинс, аны ачышыңыз керек. Биринчи кадам жасасаңыз, калгандары өзүнөн өзү келет.