B
@balasagyn
8 posts

📓 «Гениалдуу азык»

Автордун энесине коюлган «Альцгеймер (прогрессивдүү деменция) оорусу» деген коркунучтуу диагноз ийгиликтүү медиа кызматкери Макс Лугавердин жайбаракат жашоосун күтүүсүздөн үзгүлтүккө учуратты. Лугавер узак убакыт бою Альцгеймер оорусунун себептери жөнүндө ойлонуп, көптөгөн изилдөөлөрдүн жыйынтыгын чыгарып, күтүлбөгөн, үрөй учурарлык жыйынтыкка келип, илдеттердин пайда болушун жашоо мүнөзүбүз менен байланыштырат.

📖 «Эң мыкты эс-тутум»

Адамзат колдонуп жаткан маалыматтын көлөмү жылдан жылга өсүүдө. Учурда адамдар өмүр бою окуйт, анткени окуу бизге ийгиликтүү иштөө үчүн, же жок дегенде "жашоодон артта калбоо" үчүн керек. Сиз маалыматты көпчүлүктөрдөй эле ойлонбой пайдалансаңыз керек. Же авторлор сунуштаган билимди тереңирээк изилдеп, окуу жөндөмүңүздү өркүндөтүп көрүңүз. Бул жерде авторлордун 21-кылымдагы окуу процесси жөнүндө негизги ойлору келтирилген. 1. Кадимки «маанисин түшүнбөй жаттоо» — натыйжасыз. Көпчүлүк адамдар маалыматты өздөштүрүүнүн бирден-бир жолу ушундай жаттоо деп эсептешет. Бул таптакыр туура эмес. Тилекке каршы, маалыматты кайра кайра кайталоо кыска мөөнөттүү гана натыйжа берет. Албетте, студенттер бардык темаларды үйрөнүп, ийгиликтүү тапшырат...

📔Анти-рак

Китепти 31 жашында рак оорусуна чалдыккан белгилүү невропсихиатр жазган. Анда мээдеги рактын өтө коркунучтуу түрү болчу. Дэвидди бир нече айдын ичинде «кетет» дешкен, а бирок ремиссиядан кийин дагы 19 жыл жашаган. Ал кандайча ийгиликке жеткен? Заманбап медицинадан тышкары, ал жашоо мүнөзүн өзгөрттү. Автор өзүнүн мисалында жашоо мүнөзүн өзгөртүү боюнча сунуштардын маанилүүлүгүн көрсөткөн, аларды тилекке каршы, онкологдордун баары эле айта бербейт. Доктор Серван-Шрайбердин кеңештери ден-соолукту сактоого жана дарылоонун натыйжалуулугун жогорулатууга жардам берет. Китептин бардык кеңештери кесипкөй онкологдор жана психологдор менен талкууланып, изилдөөлөрдүн натыйжалары менен колдоого алынат. Жашообуздун рак менен кандай байланышы бар...

📖 Майда жумуштардын чоң пайдасы

Бул китеп мамиле жөнүндө. Өзүңүзгө жана башкаларга карата туура мамиле жөнүндө. Чыныгы мамилелер сейрек эмес, күнүмдүк майда-чүйдө иштерде кездешет. Анда чакан жумушубузду баштайлы. 1. Жаңы жашоонун принциптери. 1.1. Чыныгы ийгиликтин ачкычы - жакшы мамилени сактоого умтулуу. Бекем мамилелер бул ишеним. Ар бир адам аны түшүнүшү керек. Жетекчиби, досбу же тууганбы баары бир. Айланадагы адамдардын бардыгына урмат көрсөтүү керек. Сатып алуучу менен болгон мамилеңиз канчалык деңгээлде ишенимдүү болсо сиздин компаниянын товарларынын же кызматтардын ийгилиги ошончо болот.

📔 Таттуу уйку

Арианна - белгилүү журналист. Бул жолу ал үчүнчү миң жылдыктын көйгөйү - уйкунун жетишсиздиги менен алек. Анын китебиндеги негизги идеялар төмөндөгүлөр.

Балага туура сүйлөөнүн жолдору Авторлору: Роберта Кавалло, Антонио Панарезе

Ата-эне баланы урушпай, сабабай тарбиялоодо кыйын болубатам деп ойлойт. А бирок, кылымдар бою жүргүзүлгөн изилдөөлөр көрсөткөндөй, кыйкырык менен гана эмес, жөнөкөй жай үн менен айтылган күнүмдүк фразалар менен деле балага зыян келтиришет. Бул көйгөйдү чечүү үчүн, авторлор кеңири маалымат берген.

5 секунд эрежеси Автору: Мел Роббинс 5 секундада жашообузду кантип жакшырталабыз

Идея № 1. Сиз бир нерсе жасаарда, бештен бирге чейин санап, кыймылдай баштаңыз.

Таңкы сыйкыр

Автору: Хэл Элрод