May 24, 2020

Таңкы сыйкыр

Автору: Хэл Элрод

Саат эрте чырылдап, жылуу төшөктөн чыгыш керек деп нааразы болуп жатасызбы? Ойгонгондон кийинки биринчи саат калган күн кандай өтөөрүн түзөт, ага таасир этет.
Эгерде сиз ордунда турбаган, өз алдынча өнүгүү менен алектенген адам болсоңуз, анда сиз үчүн эртең мененки убакытты туура баштоо методикасы пайдалуу болот, анткени ал сиздин жашооңуздун бардык тармактарын өркүндөтөт.
Таңкы маал - бул өтө маанилүү нерселерге толгон убакыт, ошондуктан китепте талкууланган нерселерди ойгонгондон кийин дароо аткарыш керек.
1. "Күн ойгонгондо башталат"
Таңкы маал сыйкырга толуш үчүн, ойгонууну туура үйрөнүш керек. Эртеңки күндү кечинде баштаңыз.
1.1. Жатаардан мурун эртеңки күнгө карата ниетиңизди так билдирүү. Ошондо гана эртең менен абдан позитивдүү, тынч жана бактылуу болуп ойгоносуз.
1.2. Саатты мүмкүн болушунча төшөктөн алыс коюуу.
1.3. ​​Гигиена. Тишти жууп, жылуу суу менен жуунуу.
1.4. Эртең менен бир стакан жылуу суу ичип, денеңиздин бардык системаларын жандандыруу. Эсиңизде болсун, адегенде мээбиз, андан кийин гана денебиз ойгонот.
1.5. Спорт кийимин кийүү.
2. "6 практика"
"Сырдуу таң" алты практикадан турат, алар ырааттуу түрдө аткарылышы керек. Бул иш-аракеттердин ар бири сизге бардык максаттарыңызга жетүүгө күч берет, ошондой эле сиз буга чейин билбеген ички күчтөруңузгө жол ачат.
Сиздин "сырдуу таң" 60 мүнөткө созулат, натыйжада бактылуу жана жемиштүү күндү өткөрүүгө толугу менен даяр болосуз. Бирок күтүлбөгөн жерден убактыңыз болбой калса, "сырдуу таңдын" 6 мүнөттөн турган кыскасын жасайсыз.
2.1. Тынч 5 мүнөт.
Релаксация, аң-сезим, бейпилдик, тазалык, тынчтык - бул ушул этапты мүнөздөгөн сөздөр. Максат - ызы-чуудан, стресстен арылуу.
Бул этапта медитация жасаса болот же дуа кылсаңыз болот же терең дем алып, өзүңүздүн жашооңузга бакыт алып келген адамдар жана окуялар үчүн ыраазычылык билдирип, өз оюнузду тазалай аласыз.
2.2. 5 мүнөт аффирмация (ырастоо)
Аффирмация - бул сиз айтуучу сөздөр. Позитивдүү аффирмация механикалык түрдө эмес эмоционалдуу айтылсын.
Аффирмация түзүү үчүн, адегенде эмнени каалайсыз чечишиңиз керек. Андан кийин сиз каалаган нерсеге жетүү үчүн кандай адам болушуңуз керектигин ойлонушуңуз керек. Каалооңузду ишке ашыруу үчүн эмне кылышыңыз керектигин түшүнүңүз.
Майда-чүйдөсүнө чейин так сүрөттөлсө, аффирмация ошончолук жакшы иштейт. Сиздин милдетиңиз - каалаган жашоону жана каалаган натыйжаны сөз менен бекитүү. Улуу адамдардын, философтордун цитаталары колдонулса болот.
2.3. Визуализация, 5 мүнөт.
Каалооңузду кыялдануу. Ыңгайлуу жерди таап, отуруп, эс алыңыз. Көздү жумуп, эмнени алгыңыз келгенин элестетип көрүңүз, жеңишти, максатка жетүүнү же кандайдыр бир окуяны элестетип, аны ишке ашырууга бүт күчүңүз менен аракет кылып жатасыз. Оюңузда кармап, жыттап, угуп каалаган нерсеңизди элестетиңиз. Сиздин элестеткен сүрөтүңүз канчалык реалдуу болсо, анын аткарылгандыгы чындыкка жакыныраак болот.
План ишке ашкандан кийин кандай жашай турганыңыз жөнүндө ойлонуп, өзүңүздү максатына жеткен адамдай сезиңиз.
2.4. Көнүгүү - 20 мүнөт.
Эгер буга чейинкилер учкун болсо, күч көнүгүүлөр учкундан жалынды тутандырат.
Күч көнүгүү же кардиологиялык көнүгүүлөр же йога ылайыктуу. Спорт менен байланышкан нерселердин бардыгы сизге кубаныч тартуулайт.
2.5. Окуу, 20 мүнөт.
Сиз кеминде 10 барак окуйсуз. Сүйүктүү жазуучуңуздун романы, фантастикалык эмес же өзүн-өзү өнүктүрүү боюнча же каалаган китеп болушу мүмкүн.
2.6. Күндөлүк жазуу, 5 мүнөт.
Окуу аркылуу мээңизди активдештиргенден кийин, өзүбүз менен маектешип, талдап чыгышыбыз керек. Ал үчүн каалаган форматта күндөлүк жүргүзүңүз. Кагазда, аудио, санарип. Кыялдарыңыз жана максаттарыңыз, күнүңүздүн пландары жана сиз эмнеге карай бара жатканыңыз жөнүндө жазуу.
Бул иш дененин бардык системаларын ишке киргизип, сизди жемиштүү күндүн башталышына алып келет.
Дал ушул этапта укмуштудай "сырдуу таң" аяктап, сиз көптөн бери кыялданган сонун күн келет.