June 26, 2020

📖 «Эң мыкты эс-тутум»

Авторлору: Питер Браун, Генри Рёдигер жана Марк Макдэниэл

Адамзат колдонуп жаткан маалыматтын көлөмү жылдан жылга өсүүдө. Учурда адамдар өмүр бою окуйт, анткени окуу бизге ийгиликтүү иштөө үчүн, же жок дегенде "жашоодон артта калбоо" үчүн керек. Сиз маалыматты көпчүлүктөрдөй эле ойлонбой пайдалансаңыз керек. Же авторлор сунуштаган билимди тереңирээк изилдеп, окуу жөндөмүңүздү өркүндөтүп көрүңүз.
Бул жерде авторлордун 21-кылымдагы окуу процесси жөнүндө негизги ойлору келтирилген.
1. Кадимки «маанисин түшүнбөй жаттоо» — натыйжасыз.
Көпчүлүк адамдар маалыматты өздөштүрүүнүн бирден-бир жолу ушундай жаттоо деп эсептешет. Бул таптакыр туура эмес. Тилекке каршы, маалыматты кайра кайра кайталоо кыска мөөнөттүү гана натыйжа берет. Албетте, студенттер бардык темаларды үйрөнүп, ийгиликтүү тапшырат, бирок бир-эки күндөн кийин алар маалыматтын жарымын да эстешпейт.
Жаңы маалыматты жакшы эстеп калуу үчүн, аны адамдын эсинде болгон нерселер менен байланыштыруу керек. Бул — «эске түшүрүү» техникасынын маңызы. Мезгил-мезгили менен акыры маалыматты эстеп калабыз. Бул ыкманын көптөгөн артыкчылыктары бар.
Эстөө бир нече ыкмалар менен жүзөгө ашырылат:
1.1. Тестирлөө. Окуучулар маалыматты бир аз убакыттан кийин тест менен текшерсе, эстеп калуусу жакшы болот. Эксперимент тестирлөө аркылуу билимин текшерүү натыйжалуулугун көрсөттү. Мугалим материалдын бир бөлүгүн жөн гана түшүндүрүп берген, ал эми калган бөлүгүн түшүндүрүп бергенден кийин, анын негизинде тест өткөргөн. Натыйжалар кызыктуу болду — биринчи учурда, маалыматты сиңирүү деңгээли 79% ды түздү, ал эми тесттен өткөндөн кийин окуучулар 92% маалыматты эстеп калышты.
Демек: билим тесттерин үзгүлтүксүз өткөрүп туруу керек. Сөзсүз эле мугалим эмес, өзүңүз да билимиңизди текшерип туруңүз.
1.2. Топтолгон тажрыйбаны түшүнүп, ага маани берүү.
Нейрохирург Майк Эберсолддун күнү жумуш менен толгон. Ар бир күндүн аягында Майк ошол күнкү окуяларды, жасаган аракеттерин талдайт. Кээ бир ишин туура жасаганын, бирок кээ бир ишин башкача жол менен жасоого болоорун түшүнөт да эмкиде ишин жакшыртат. Ошентип, билими улам жаңыланып, курчуп турат.
1.3. Фидбэк байланыш. Башка бирөөнүн пикирин билүү менен алынган маалыматтын чындыгын же реалдуулугун билүүгө болот.

2. Маалыматты интенсивдүү алуу аны жаттоого өбөлгө түзөт деген ишеним бар. Бирок бул жаңылыштык болсочу? Бир темадан экинчиге өтүү алда канча натыйжалуу болот. Бир нерсени көп саат бою казып иштөөнүн ордуна, иш-аракетиңизди убакыт менен өзгөртүп туруу жакшыраак. Эксперимент жүргүзүлүп, анын жүрүшүндө окуучулардын үч тобу текстти окуп чыгышты. Биринчи топ материалды бир жолу, экинчиси эки жолу, үчүнчү топ бир жолу окуп, кийин башка ишке алаксып, андан соң экинчи жолу окуп чыкты. Эстеп калуу көрсөткүчтөрү экинчи жана биринчи топторго караганда, үчүнчү топто жогору болду. Ошентип, темага башыңыз менен кирбөө, тескерисинче, машыгууну башка нерселер менен алмаштыруу пайдалуу.
Нейрофизиологдор бул эффектти маалыматты эс-тутумунда топтоо процессинин өзгөчөлүктөрү менен түшүндүрүштү. Эс-тутумдагы маалыматты бекемдөө процесси эки сааттан эки күнгө чейин созулат. Билим чогултулуп аяктагандан кийин, маалымат узак мөөнөттүү эс тутумуна өткөрүлөт. Бирок бекитилбеген маалымат кыска мөөнөттүү эс тутумунда калып, тез эле унутулат. Ошондуктан интенсивдүү окуунун натыйжалуулугуна ишенбегиле. Эгер сиз бир нерсени тезинен жатташыңыз керек болсо, аны улам кыска убакыт ичинде интервал менен жаттаңыз, анан башка иш менен алек болуп, кайра кайрылыңыз.
Интервалдык жаттоонун артыкчылыгы эс-тутумдун жогорулашы гана эмес, маалыматты тереңирээк түшүнүү жана алган билимди практикада колдонуу болуп эсептелет.

3. Ийгиликтүү окуу сөзсүз эле ылдам жана оңой болушу шарт эмес.
Азыр жаңы билимди тез үйрөнгөн адам ийгиликтүү деп ойлошот. Биз бул жөнөкөй эрежени мектептен билебиз. Бирок жай үйрөнүү тезге салыштармалуу жаман эмес, тескеринче, айрым учурларда андан да пайдалуу. Билим атүгүл кыйынчылык менен алынса эң жакшы болот. Анткени кыйынчылыктар жаңы алынган маалыматты мурунку маалымат менен байланыштырат. Ал эми бири-бири менен тыгыз байланышкан маалымат адамга «автоматтык түрдө» иштөөгө мүмкүнчүлүк берет. Анда кантип «жасалма кыйынчылыктарды» ойлоп табабыз? Өзүңүзгө, мисалы, төмөнкүдөй кыйынчылыктарды жасоо менен, жаттасаңыз болот.
3.1. Маселени өзүңүз чечүүгө аракет кылыңыз. Эгерде сизде чечилбей турган бир маселе болсо, анын даяр чечимин издегенге шашпаңыз. Эгерде адам өзү чечим издеп, тапса, анда чечимдин өзү эсинде жакшы калат.
3.2. Күтүлбөгөн маалымат аркылуу машыгуу. Көбүнчө бейсбол оюнчулары алгач бир түрүн, андан кийин башкасын уруп үйрөнүшөт. Бирок эң сонун натыйжаларды бейсбол оюнчулары алдын-ала күтүлбөгөн подача менен машыккандар көрсөтүүдө. Алдын-ала билбөө принциби жаңы учкучтарды учуу тренажерунда окутууда дагы колдонулат. Принциптин ийгилиги, адам аны эмне күтүп тургандыгын алдын ала билбегендигине байланыштуу. Бул жагдай адамды чыгармачыл иш-аракет кылууга жана анын жөндөмдүүлүгүнүн чегине жетүүгө мажбур кылат.
3.3. Даяр жооптору жок тест. Жакшы тесттерде студент жообун жөн эле белгилеп койбой, жазыш керек.
3.4. Маалыматты кайра айтып берүү менен жаттоо. Мисалы, лекциянын материалдары окуу китебиндеги материалды кайталабаса, студенттер маалыматты эң жакшы жаттап калышат. Алынган маалыматты салыштыруу зарылдыгы, аны жакшыраак эстеп калууга мүмкүнчүлүк берет.
3.5. Жазуу жүзүндө ой жүгүртүү.

4. Бардык адамдар визуал жана аудиал болуп бөлүнөт имиш. Бул жаңылыш түшүнүк. Эксперименттин жүрүшүндө, тескерисинче, маалымат алуу үчүн чечүүчү болуп канал эмес, аны чагылдыруу стили, жана эң негизгиси - студенттин окууга болгон каалосу эсептелет. Биринчиден, студент билим алууга кызыгышы керек, экинчиден, маалыматты жаттоо стилине же каналына карабастан, өзүнүн бардык таанып-билүү ресурстарын колдоно билиши керек. Акырында, студент маалыматтагы мыйзам ченемдүүлүктөрдү байкап, башына туура киргизе алышы керек.

5. Ашыкча билим жөнүндө ой.
Билимдин жетишсиздигинен кооптуураак нерсе — алардын ашыкча болушу. Адамдын ой жүгүртүүсү өзгөчө кырдаал учурунда эсинде калган нерселерди эстеп түшүнүүгө аракет кылат. Тилекке каршы, бул механизм абдан өрчүбөгөндүктөн көп учурда кайгылуу кесепеттерге алып келет. Мысалы, учкучтар кырдаалды талдоого өтпөй, тескерисинче, эс тутумдагы өз сезимдерине таянып, көбүнчө анысы иштебей калат.
Төмөнкү ыкмалар кайгылуу каталарды кетирбөөгө жардам берет:
5.1. Коллегиялык көзөмөл. Эгер чечим өтө жооптуу болсо, абдан пайдалуу. Мисалы, татаал ишти талкуулоодо врачтардын консилиуму чакырылат.
5.2. Өзүн-өзү текшерүү. Эгерде сиз өзүңүздү мыкты адисмин деп ойлосоңуз, анда сынап көрүңүз. Албетте, тесттин жыйынтыктары сизди бир аз таң калтырышы мүмкүн. Мезгил-мезгили менен ар ким өз билим деңгээлин текшерип турушу керек.
5.3. Объективдүү көрсөткүчтөргө көңүл буруу. Кайсы гана кесип болбосун, анда объективдүү көрсөткүчтөр болот.

6. Мнемотехниканы колдонуу. Мнемотехниканы пайдалануу — укмуштуу пайдалуу нерсе, ал маалыматты эстеп калууну жеңилдеткен ыкма. Анын көп түрү бар, эң негизгилери булар:
6.1. «Эс-тутум сарайы». Байыркы мезгилден бери колдонулуп келген эски ыкма. Чоң көлөмдөгү маалыматты жаттоого болот. Өзүңүз жакшы билген бөлмөнүн ичиндекилери аркылуу жаттоо. Же болбосо үйдөн дүкөнгө чейинки жолдогу нерселер менен жаттоо. Бул ыкма эмне үчүн ушунчалык натыйжалуу болуп саналат? Себеби, адамдын эс тутуму абстракттуу жана белгисиз нерселерди жаттоого караганда конкреттүү образдарды жакшыраак өздөштүрөт.
6.2. Геолокация. Бул ыкма мурункуга бир аз окшоп кетет. Буну Марк Твен өзүнүн балдарына англис падышаларынын ысымдарын жана алардын сүргөн доору тууралуу жакшыраак эстеп калуу үчүн үйрөткөн. Балдары көп басып жүргөн жолдун боюна жазуучу падышалардын портреттерин койгон.
6.3. Сүйүктүү ырларыңызды жана кинолоруңузду колдонуңуз. Бир демкени эстеп калуу үчүн ал маалыматты жакшы көргөн каармандар аркылуу жаттаңыз.
6.4. Сүрөттөрдү жана образдарды колдонуу. Мисалы, бир тизмени жаттоодо, аларды номерлеп, ар бирине белгилүү бир сүрөттү ойлоп коюңуз. Тизмеңиз уйкаш болсо андан жакшы.
6.5. Акронимдер жана кыскартылган сөздөр, фразалар аркылуу жаттоо.