May 31, 2020

Балага туура сүйлөөнүн жолдору Авторлору: Роберта Кавалло, Антонио Панарезе

Ата-эне баланы урушпай, сабабай тарбиялоодо кыйын болубатам деп ойлойт. А бирок, кылымдар бою жүргүзүлгөн изилдөөлөр көрсөткөндөй, кыйкырык менен гана эмес, жөнөкөй жай үн менен айтылган күнүмдүк фразалар менен деле балага зыян келтиришет.
Бул көйгөйдү чечүү үчүн, авторлор кеңири маалымат берген.


1. Ата-эненин сөзү ар бир адамдын жашоосундагы эң маанилүү сөз. Ата-энелер биздин мээбизге эң негизги нерселерди - биздин бул дүйнө менен байланышты түшүндүрөт.
Авторлор курулушта иштеген эки жигит жөнүндө окуяны айтып беришет. Эки жигит тең кедей дыйкан болушкан. Экөө тең бирдей жумуш аткарганы менен, эки башка ой жүгүртөт.
Биринчиси бардыгын жек көрчү. Баары, айрыкча байлар, ага окшогон кичинекей жумушчу кумурскага маани беришпейт, деп ойлочу.
Ачууланып, ата-энеси ар дайым: "мышыктар жолбор төрөбөйт", деп айтышчы. Демек, мындай оор жашоо анын өмүрүнүн аягына чейин болоорун билдирчи. Ата-энеси ага кичинекей нерсеге жетип отура бергенге, эч нерсеге ишенбөөгө, колундагы нерсеге кам көрбөгөнгө үйрөтүшкөн. Ошондуктан ал этият болушу керек болчу.
Экинчиси тескеринче, ысык күнгө карабастан, жайдары жана шайыр болчу. Ал өз ишин аз тыйын төлөшсө да, тажрыйба катары кабыл алган.
Биринчисинин атасынын малы уурдалганда, чөгүп, жашоосуна нааразы болгон.
Экичисинин атасы андайды сабак катары кабыл алып, үйдү уурулардан коргой турган тосмо менен бекемдечи.
Бул мисал бизге ата-энелерибиз тарабынан берилген дүйнөгө болгон көз карашты так көрсөтөт. Жада калса, жөнөкөй сөздөр балдарда коркуу сезимин, комплекстерин пайда кылып, жолу болбой калышына алып келет.


2. Балдарды өз алдынча болгонго үйрөткүлө.
Ата-эне баланы али эч нерсе үйрөнө элек деп, жаныбарды кандай багышса, аларды да ошондой багышат.
Баланын энергиясын чыгарыш үчүн бир жерди уюштуруунун ордуна, аны эрежелер жана чектөө менен жүктөшөт.
Эгерде бала бир нерсе кылгысы келбесе же туура эмес иш кылса, анда баланы коркутуп же кыйкырышат. Натыйжада, бала өз алдынча болбой калат, анткени аны урушушат.
Авторлордун айтымында, балдар чоңдордун көп учурда туура эмес кам көрүүсүнөн улам эркин жана бактылуу боло албайт.


3. Балаңызды «эң мыкты бол» деп кыстабаңыз.
Жакшы кыз бол! Жакшы бала бол! Бул сөздөрдү ата-энеден өмүр бою же жок дегенде бир жолу угабыз.
Баары менен сылык бол, рахмат айт, чачпа, жакшы баа ал, чоңдорду ук.
Андан соң, жакшы жумуш тап, турмушка чык же үйлөн, балалуу бол. Чындыгында, бул сөздөр «башкалардан айырмаланбай, жөнөкөй бол», дегенди билдирет. Ата-энеге алардын ата-энелери да ошентип айтышкан.
Бала «жакшы» эмес, өзү каалагандай болуш керек.
Өзүн-өзү баалоосу төмөн ата-энелер, аны балдарынын эсебинен көтөрүшөт.
Бала өз сезимдерин жана муктаждыктарын билген, жашоодон ырахат алууну,
убакытты жакшы өткөрүүнү каалаган, өзүнө, жашоого ишенген, кемчиликтерин мойнуна алган жана өзүн айыптабаган бала болушу керек.
Авторлордун кеңеши жөнөкөй.
«Акылдуу бол», дегендин ордуна «көңүлдүү өткөр!» же «досторуң менен көңүл ач», «мен сени жакшы көрөм!» деп айткыла.


4. Балдардын терс эмоцияларын чыгарууга жардам бергиле.
Бала ыйласа же ачууланса, эмне кылуу керек?
Аны түшүнгөнүңүздү, жакшы көрөрүңүздү айтыңыз. Сиз да кичинекей кезиңизде ага окшогонуңузду айтсаңыз болот. Баланы кучактаңыз.
«Ыйлаба» же «балдар ыйлабайт!» деп алаксытпагыла, анткени анын көйгөйү анчалык деле маанилүү эмес деп ойлойт.
Мындай каталар баланы өзүнүн алсыз жактарын жашырыш үчүн мыкаачы кылат, же сезимдерин тереңирээк өзүнө жашырат.
Эң жакшысы боорукер, түшүнүктүү болуу, баладан ал-акыбалын сурап, зарыл болгон учурда жардам берүү.


5. Үйрөнүүнүн негизи - бул туурап жасоо.
Китептин авторлору ата-эне менен баланын ортосундагы байланыштын эң маанилүү үч түрүн аныкташкан.
Бул оозеки байланыш, "билинбеген" байланыш жана чөйрөдөгү байланыш.
Сөздөрдү бала аны менен байланышкан ар бир чоң кишиден кездемедей сиңирип алат. Ата-эне "жасай албайсың" десе, бала чындап эле ийгиликке жетпейм деп ойлоп, аракетин токтотот.
"Билинбеген" байланыш - бул мимика, интонация жана эмоциялар. Бала сезгич келет.
Курчап турган чөйрө менен байланыш - бул баланын белгилүү бир жерде белгилүү бир адамдар менен өткөргөн убактысы. Ал адамдар оң же терс таасирин тийгизиши мүмкүн.
Бала атасынын спорт менен машыкканын көрүп, «мен да ошондой кылам!» деп ойлойт.
Бала сизден көргөнүн түзмө-түз үйрөнөт. Ошондуктан ал сиз менен бир нерсе кылгысы келсе, ага жолтоо болбоңуз! Сиз менен чогуу убакыт өткөрүп, идиш жууп, бөлмөнү тазалап же чогуу тамак жасасын.
Сиз чогуу жасаган бардык ишиңиз, сезимдериңиз, сөздөрүңүз анын эсинде калат жана анын адамдар менен болгон мамилесинин негизин түзөт.


6. Сөздөрүңүз иш-аракеттериңиз менен дал келиши керек.
Бала ата-энесинин сөздөрүнө, ал иш аркылуу көрсөтсө ишенет.
Ошондуктан, бардык сөздөрүңүз иш-аракеттериңиз менен туура келиши керек.
Мээрим төксөңүз, балаңыз толук кандуу жана гармониялуу инсан болуп өсүп, сүйүүгө жана жакын адамдарына карата жылуулукту чагылдырууга жөндөмдүү болот.
Ата-энем мени жакшы көрбөйт, деп ойлосо, бала кадимки сүйүүнү чагылдырууга жөндөмсүз, кысылган адамга айланат.


7. Баланын өзүн-өзү баалоосу бир гана сиздин колуңузда.
Баланы жашоодо ар нерсе күтөт, анын арасында терс нерселер да болот. Ал эми сиз менен болгон жакшы мамиле ага жөлөк болсун.
Бул жерде ата-эненин негизги милдети баласын көйгөйлөрдөн коргоо эмес, балдарына бул көйгөйлөрдү кантип чечүү керектигин үйрөтүү.
Эгер чоңдор баланын жашоосуна ар дайым кийлигишсе, анын проблемаларын дароо эле чечип берсе, анда өзүн-өзү баалоо сезими пайда болбойт, натыйжада бала өз алдынча бирөөнүн жардамысыз чечим чыгара алат деп ишенбейт.
Бала идеалдуу, өзүн-өзү жакшы көрүү сезими өтө бийик төрөлөт. Ичинде эч кандай кемчиликтерди көрбөйт, эмнени каалаарын билет, бардыгына ыраазы. Аны сулуу эмес, келесоо, эч нерсе кыла албайт десеңиз, чындык катары кабыл алат.
Балаңызга үлгү болуңүз. Аны ар дайым сүйүп, колдоп туруңуз, ошондо сиз ага эч кандай зыян келтирбей, өзөгүн бекемдей аласыз.


8. Эч качан салыштырбаңыз!
Балаңызды башка бирөө менен салыштырганда, өзүн төмөн баалоосуна алып келет, эч нерсе кыла албайт, анткени өзүнүн күчүнө ишенбеген адам болуп чоңоет.
Башка бирөө менен эмес, ӨЗҮ менен атаандашуу туура. Мурункуңдан жакшыраак болушуң керек, классташ, достордон эмес. Балаңызга ушул нерсени үйрөтүү керек.
Өзүн-өзү менен атаандашуу - сөзсүз түрдө өркүндөтөт, мында утулуп калгандар жана жеңүүчүлөр жок.
Көбүнчө, ата-эненин өзүнүн төмөн баалоосунан балдарын атаандашууга мажбур кылышат. Мындай балдарды алар каалабаса да экзаменде, музыкалык же спорт же искусство мектептеринде көрсө болот.
Бала өмүр бою өз каалоосун эске албай, башка адамдардын каалоосун аткарууга аракет кылат.


9. «Ат коюудан» алыс болгула.
Мисалы, орой сүйлөсө «тартипсиз» деп урушабыз.
Адегенде, балага түшүндүрүп берүү керек. Натыйжа ошондо чыгат.
Эгер бала үй тапшырмасын аткарууну каалабаса, дароо эле «жалкоо» деп ыргыта салбай, эң биринчиден, ал ишти аткарышы керектигин, андан кийин ойнойтурганын түшүндүрүү керек.


10. Байлык жөнүндө.
Кимдир бирөө ийгиликке жетсе, адамдар аны алдап, уурдап байыды дешет. Же «эмне үчүн муктаж болгондорго акча бербейт» дешет.
Мындай түшүнүктөн улам, көптөгөн балдар чоңойгондо, бактысыз кедей болушат.
Бала кезинен бул балдарга чоң акча арам жол менен гана табылат деп айтышчу. Аларга көп нерсени кыялданбоого үйрөтүшкөн.
Эгер үй-бүлөдө акча боюнча көп талаш-тартыштар болсо, бала келечекте молчулукка умтулбайт.
Акча тартыш болсо, балдарыңыздын келечеги үчүн, арыздануудан алыс болуңуз. Балдарга акчанын маанисин, алар кандай функция аткарышын жана ар бир адам чыдамдуулук, тырышчаактык жана тартип менен ийгиликке жете тургандыгын түшүндүрүңүз. Ошол эле учурда, адамды бактылуу кылган акча эмес, ал жөн гана алмашуу куралы деп түшүндүрүңүз.

11. Жубайлардын бир-бири менен болгон мамилеси баланын келечегине таасир этет.
Өз-ара проблемаңарды бала менен бөлүшүүнүн же ага айтуунун кажети жок. Чыр-чатакты баланын көңүлүн бурбастан чечип алыңыздар.


12. Коркутуп-үркүтүүгө эч качан аракет кылбагыла.
«Укпасаң, сени тиги же бу алып кетет!» Ушул сыяктуу сөздөр толгон токой.
Андайда бала коркок, бош болуп чоңоет.
Түшүндүрүү жана жеке мисал болуу гана иштейт.
Ушундай олуттуу жана туура мамиле менен сиз укмуштуу ийгиликтерге жетип, татыктуу, акылдуу, дени сак баланы тарбиялайсыз.