June 23, 2020

📖 Майда жумуштардын чоң пайдасы

Автору: Марк Санборн

Бул китеп мамиле жөнүндө. Өзүңүзгө жана башкаларга карата туура мамиле жөнүндө. Чыныгы мамилелер сейрек эмес, күнүмдүк майда-чүйдө иштерде кездешет. Анда чакан жумушубузду баштайлы.
1. Жаңы жашоонун принциптери.
1.1. Чыныгы ийгиликтин ачкычы - жакшы мамилени сактоого умтулуу. Бекем мамилелер бул ишеним. Ар бир адам аны түшүнүшү керек. Жетекчиби, досбу же тууганбы баары бир. Айланадагы адамдардын бардыгына урмат көрсөтүү керек. Сатып алуучу менен болгон мамилеңиз канчалык деңгээлде ишенимдүү болсо сиздин компаниянын товарларынын же кызматтардын ийгилиги ошончо болот.


1.2. Ар бир күндү жаңы барактан баштоо. Эски жашообузду, эски катачылыктарды эстегенде көңүлүбүз чөгөт. Тынчсыздануу бизди бардык жерде коштойт. Жашоо тездик менен көнүмүшкө айланат. Жашоонун жаңы мазмунун, өнүгүүнүн жаңы жолдорун издеңиз. Иш-аракеттериңизге бир аз башкача көз чаптырыңыз. Азыр кайда баратасыз? Мунун мааниси кандай? Балким, приоритеттериңизди кайрадан карап чыгышыңыз керектир.


1.3. Ооба, адам жашоосунда көп нерсени өзгөртө алат. Албетте, бардыгын эмес. Тышкы факторлор абдан күчтүү, бирок адам - ​​чоң күчкө ээ! Эсиңизде болсун: адамдарга кандайча пайда алып келишиңизди жеке тандооңуз түзөт. Сизде көптөгөн мүмкүнчүлүк бар - жасаңыз. Өзгөчө болуп, кесиптештериңизге жардам берүүгө аракет кылыңыз. Кандай жумуш аткарсаңыз да өз жумушуңузда мыкты болуңуз. Сиз өзүңүздүн баалуулугуңузду түшүнсөңүз, жумушуңуздагы ордуңузду да түшүнүп каласыз. Акча үчүн гана эмес, жакшы натыйжа үчүн дагы иштеңиз. Баарынан ушунуңуз менен айырмаланасыз.


1.4. Чын дили менен баалуу нерсени жаратуу. Эгерде сиз өзүңүздү баалуу кызматкермин деп санасаңыз, кесиптештериңиз жана жетекчилериңиз аны билсе, анда жумушуңузду жоготом деп кабатыр болбойсуз. Себеби өз жөндөмүңүзгө жараша жаңы, татыктуу иш таба аласыз. Эгерде сиз баалуулугуңузду жаңы эле түшүнүп баштасаңыз, анда бардык керектүү билимди өздөштүрүүгө аракет кылыңыз. Өзүңүздүн бааңызды билүү да пайдалуу жөндөм.


1.5. Бул принциптерди билүү менен чектелбестен, эң негизгиси аларды колдонушуңуз керек.
Жумушта жоопкерчилик менен бирге адатка айланган жүрүм-турушуңузду өзгөртсөңуз болот. Бир гана эмгек акы үчүн гана жашабаңыз. Бардык жерде, бардык нерседен пайдалуу жактарын издеңиз. Башкаларга жан-дилден жардам берүүгө, алардын көйгөйлөрүн билүүгө аракет кылыңыз. Ошону менен бирге өзүңүздүн артыкчылыктарыңызды табыңыз.


2. Кемтиксиздикке карай жолдо.
Албетте, бир нерсеге өз көз-карашыңыз болсо жакшы. Андыктан, принциптерди өзүңүздүн жеке жашооңузга киргизе баштаңыз. Сиздин жашооңуздагы эң сонун сыйлыгыңыз жетекчинин мактоосуна ээ болуу эмес. Эмне кылгыңыз келсе, ошону жасоого мүмкүнчүлүккө ээ болуу - бул эң жогорку байлык. Жумушуңузду роботтой жасабай анын маңызына жетиңиз. Ага кызыгуу, көңүл менен мамиле кылыңыз. Жетекчи, кесиптештериңиз муну баалашат. "Чөйрөгө бергениңиздин баары, бир күнү өзүңүзгө кайтып келет" деген сөз бар го. Мүмкүн болушунча, тандооңуз жана иш-аракетиңиз ойлонуп жасалсын. Бакытка жетүү биз ойлогондон да жеңилирээк - болгону көрө албастыкты жана терс эмоцияларды унутуш керек. Эгерде учурдагы жумушуңуз сизге жакпаса, анда эмне иш жасай аласыз, эмне жагат ойлонуп көрүңүз. Балким, сиздин хоббиңиз жаңы жумушуңуз болуп калар.


Өзүңүздү жана дүйнөнү өзгөртө алаарыңызга дагы деле ишенбейсизби? Кичинекей кадамдан баштаңыз:
1. Сиздин айланаңызда эмне болуп жатканын байкаңыз. Жакшы ниет оң өзгөрүүлөрдү алып келет. Буга сиз себепкер боло аласыз.
2. Адаттагыдан башкачараак жүрүм-турум же мүнөз менен эсте каласыз.
3. Эрте менен тураар замат мен ааламдын бир бөлүкчөсүмүн деп айлана чөйрөңүздү иш-аракеттериңиз менен жакшы жакка өзгөртө бериңиз. Мисалы, жылмаюу. Ачууңузду азайтсаңыз - жашооңуз сөзсүз жакшырат.
4. Фантазия бардык жерде жаңы идеяларды издеп табууга жардам берет.
5. Болгон мүмкүнчүлүктөрдү колдонуңуз. Дагы бири болбошу мүмкүн.
6. Сиздин бардык иш-аракеттериңиз автоматтык түрдө эмес, мазмундуу болушу керек.
7. Сиздин аракеттериңиз кардарларга, үй-бүлөңүзгө, башчыларыңызга, досторуңузга жана башкаларга же чоочундарга болобу, ачык-айкын болуш керек.
8. Өзгөрүңүз, бирок өзгөчөлүгүңүздү жоготпоңуз. Амалданган митаамдар башкалардын ишенимине ээ боло албайт.
9. Сөзүңүзгө бек туруңуз, ал - кадыр-баркыңыз.
10. Убакыт - чектелген ресурс. Аны баалаганды үйрөнүңүз.
11. Боорукердикти өрчүтүңүз. Көпчүлүк адамдарда ал жокко эсе. Сиздин маектешиңиз учурда эмнени сезип жаткандыгын сезип көрүңүз.
12. Көйгөйлөрү байкалса адамдар аны жакшы туят.
13. Маектешиңизди кунт коюп уккула! Сурап, ал жөнүндө көбүрөөк билүүдөн тартынбаңыз.
14. Бара-бара айлана-чөйрө менен болгон мамилеңиз бир нече эсе жакшырат. Эсиңизде болсун, ар дайым көп күч-аракет жумшаңыз, адамдар маанилүү же кереги жок болуп бөлүнбөйт. Ар бирин сыйлаш керек.


Дагы бир нече маанилүү кеңештер:
1. Элге жаңы, оригиналдуу нерсени сунуштоо.
2. Ал үчүн, башкалардын муктаждыктарын изилдөө.
3. Өзүңүздүн да жана товардын да сырткы көрүнүшү маанилүү.
4. Катачылыктар, кечигүүлөр жана ушул сыяктуу терс факторлорду азайтыңыз.
5. Соода сунушуңуз боюнча ар дайым алдыга умтулуп, керектөөчүлөрдү оригиналдуу жаңылыктар менен таң калтырууга аракет кылыңыз.
6. Продукция мүмкүн болушунча көбүрөөк жеткиликтүү болушу керек.
Эсиңизде болсун, өзүңүздүн баалуулугуңузду сезе алгандан соң, башкалар да баалайт. Эгер терс тажрыйбаңыз көп болсо, капа болбоңуз. Ошондой эле, идея жөн эле ой түрүндө гана калса, иштебей тургандыгын унутпаңыз. Аны ишке ашыруу боюнча күн сайын иштешибиз керек. Сиз башка адамдардын идеяларын колдонсоңуз болот, бирок аларды өзүңүзгө ылайыктап алыңыз.


3. Башкаларга жардам берүү
Туура жолду досторуңузга, кесиптештериңизге да көрсөтө аласыз.
Биринчиден, ким чындап өзгөрүүнү кааласа.
Экинчиден - үлгүлүү болсоңуз көп адамдарды кызыктырасыз.
Үчүнчүдөн, сизге жакын көз караштагы адамдарды топтоп алыңыз.
Кызматкердин эмгегин маал-маалы менен кошумча сыйласаңыз, иштөөгө көбүрөөк даяр болот, сөзүңүздү жакшы угат. Сыйлык жакшы түрткү берет. Бирок, кызматкерге сыйлык берүүнүн алдында айрым кеңештерди эстеп алыңыз:
1. Сиз баардык кызматкерлерге алардын ишинин маанилүүлүгүн жеткиришиңиз керек.
2. Белгилүү иш-аракеттери үчүн белгилүү бир сыйлык болсун.
3. Сыйлык жеке болушу мүмкүн.
4. Кайра байланыш болушу керек.
5. Бардык кызматкерлерге, алардын иш-аракеттери чоң өзгөрүүлөргө алып келгенин көрсөтүңүз.
Башкаларга дем-кубат берүү менен эле эмес, пайдалуу нерсени үйрөтүп да жардам бере аласыз. Мисалы, сиз аларга келип түшкөн идеялардын бардыгын талдап, арасынан жакшысын тандоону үйрөтсөңүз болот. Бардык маселелерде кысым көрсөтпөө, тескерисинче, ишендирерлик болуу маанилүү. Эгерде сиз өз оюңузду текебер үн менен жеткирсеңиз, анда сырдаш, чогуу иштешкен адамдарды табуу оңой болбойт.
Жеке үлгү - бул адамдарды "кызыктыруунун" мыкты жолу экендигин унутпаңыз. Жеке тажрыйбаңызга таянып, сиз өз кызматкерлериңизди кандайча шыктандырып, алар менен биргелешкен пландоону үйрөнөсүз.


Жыйынтыктоо
Автор көптөгөн майда, бирок абдан позитивдүү өзгөрүүлөрдү сунуштайт.

Китептин негизги идеялары төмөнкүлөр:
1. Мыктылыктын чеги жок.
2. Чоочун адамдар сизге дос болуп калышы мүмкүн, бардыгы менен ачык жана достук мамиледе болуңуз.
3. Алтын кеңеш - өзүңүзгө кандай мамиле кааласаңыз, башкаларга да ошондой мамиле жасаңыз.
4. Коркуу сезими сизге жолтоо. Мүмкүнчүлүктү колдон чыгарып коем деп гана корксоңуз болот.
5. Жакшы иштер жакшы маанай тартуулайт.
6. Айрыкча, бирөөнү шыктандырсаңыз, алдыга карай умтулуңуз.
Көрүнүп тургандай, жашооңузду жакшы жакка өзгөртүү сөзсүз эле тоодой өзгөрүүлөрдүн жардамы менен эмес, кээде майда, туруктуу пайдалуу бир катар нерселер жетиштүү. Акырындык менен жакшы жакка өзгөрүп, жашоодон, эмгектенүүдөн жана адамдар менен мамилелешүүдөн коркпогула!